Биз социалдык тармакта

Чек арадагы жаңжалда каза болгондордун үй-бүлөлөрүнө гуманитардык жардам жеткирилүүдө (сүрөт)

Кыргыз-Тажик чек арасында болуп өткөн куралдуу жаңжалда каза болгон жарандардын үй-бүлөлөрүнө гуманитардык жардам жеткирилүүдө. Бул тууралуу Кыргыз өкмөтүнүн Баткен облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлүнүн басма сөз кызматынан кабарлашты.
Кырдаалга байланыштуу түзүлгөн облустук штабдын чечими менен гуманитардык жардамдарды туура бөлүштүрүү жана даректүү жеткирүү боюнча түзүлгөн облустук комиссия тарабынан алардын ар биринин үй-бүлөсүнө 25 миң сомдук азык-түлүк, кийим-кечелер жөнөтүлгөн.
Белгилей кетсек, Кыргыз-Тажик чек арасында болуп өткөн акыркы окуяда 36 жаран каза болгон.
Бүгүнкү күнгө карата облуска жалпы 1613 тонна гуманитардык жардам келген. Анын 1383 тоннасы жарандарга таратылганы маалымдалды.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан