Баткенде көчмө клиника чек арага жакын жайгашкан айылдардын жашоочулары үчүн жеринде медициналык текшерүү жүргүзүүдө. Бул тууралуу Саламаттыкты сактоо жана социалдык өнүктүрүү министрлигинен билдиришти.
Баткен облусунда КамАЗдын базасында мобилдик клиника 1-майда Баткен облусуна келип, жергиликтүү медициналык кароодон өткөрүп, керек болсо, Кыргыз-Тажик чек арасындагы куралдуу кагылышуу учурунда жапа чеккен айылдардын жашоочуларына баштапкы медициналык жардам көрсөттү.