Биз социалдык тармакта

Ысырап жана шаан-шөкөт иш-чараларын өткөрүүгө тыюу салган мыйзам долбоору коомдук талкууга коюлду

Ысырап жана шаан-шөкөт иш-чараларын өткөрүүгө тыюу салган мыйзам долбоору коомдук талкууга коюлду. Бул тууралуу парламенттин сайтына жарыяланды.

Мыйзам долбоорунун демилгечиси депутат Улугбек Ормонов.

"Айрым жарандар ысырап жана шаан-шөкөт иш-чараларын өткөрүү үчүн жана өткөргөндөн кийин каражаттарды карызга алып, төлөп бериш үчүн республиканын аймагынан тышкары акча иштеп табууга кетип жатышат. Айрымдар мындай иш-чараларды кошуналар жана туугандар тарабынан сындоолордон, жалпысынан коомдун кысымынан качуунун бирден бир мүмкүнчүлүгү катарында кабыл алууда.

Муну менен катар акыркы убакта COVID-19 инфекциясынын пандемиясы күч алып жатат. Вирус жуктуруп алгандардын жалпы саны 100 миң адамга жетти", - деп жазылат мыйзам долбоорунда.

Мыйзам долбооруна ылайык, бүгүнкү күнү суткасына 300дөн ашык жаӊы учурлар катталууда, алардын көпчүлүгү Бишкек шаарына туура келет. Майрамдык иш-чараларга чакырылгандардын санын чектөө жуктуруп алуулардын санын азайтууга алып келиши керек. Коронавирустун экинчи толкуну учурунда саламаттыкты сактоо тутуму зор жүктөмдү башынан өткөрдү, жалпы иш-чараларды, майрамдоо салтанаттарын жана аш-тойлорду өткөрүүгө тыюу салынган. Бизге белгилүү болгондой, көп адам чогулган жерлер инфекциянын таралышынын потенциалдуу очогу болуп саналат. Ушуга байланыштуу COVID-19 инфекциясын жайылтпоо жана өткөн жылдагы июнь-июль айларындагы кырдаалды кайталабоо максатында, олуттуу чараларды көрүү зарыл.

Ошондой эле "Кыргыз Республикасында үлпөт той, маараке салтанаттарын, көмүү ырым-жырымдарын жана маркумдун элесине арналган иш-чараларды өткөрүүнү тартипке келтирүү жөнүндө" мыйзамынын жаӊы долбоору иштелип чыккандыгына байланыштуу Бузуулар жөнүндө кодексине жогоруда көрсөтүлгөн мыйзам долбоорунун талаптарын бузгандыгы үчүн VIII категорияда айып салууну караштырган өзгөртүүлөрдү киргизүү зарылдыгы жаралды.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (11)
Kuban-1207
2021-05-10 21:09:23
Базарда андан көп элдер жүрөт 4000 деген кафе ресторанда 150 200 киши кандай анан жугат
-7
medet1983
2021-05-10 21:12:19
Туура ысырап корчулукту токтотуп, өнүгүү жолуна түшөлү эми.Көп жылдан бери жакшы эле тойлодук.Ырчы чорчу тамада самадасын байыттык да,калган элге кыйын болду.
+25
MAKALAK
2021-05-10 21:58:04
Ысырапкорчулукту токтотойлу күз келсе тойго эле иштеп калабыз.Чарчадык Россияда 1айда 10тойго акча жөнөткөн убак да болду
+27
talas0707
2021-05-10 22:34:00
Колдойм элдин ан сезимин озгортуш керек, болбосо мыйзам менен коркутуш керек. Чарчады эл той аш дегенден.
+22
AdylbekB84
2021-05-10 22:56:12
Кана эми ушундай мыйзамдар ишке ашса, айрыкча мигранттар эс алаар беле, ата-энелерибиз дагы ойлонуп калаар беле, себеби ата- энеге каршы чыгалбайбыз тойго акча сураганда. Киши өлсө да сойуш союулат бизде, жылкы, бука.
+18
nazira...
2021-05-10 23:37:00
AdylbekB84,туура, союздагыдай кылса болот, аз и саз кылып
+9
Dembele84
2021-05-11 00:06:40
Ысырапкорчулук тойлордо и олум болгон жерде ашыкча эле чыгым болуп,жонокой адамдардын чонтогуно ото эле катуу куч келип жатат.Той десе суйунмок тургай титирей турган болдук!
+9
Pankration_MMA
2021-05-11 01:31:51
Мыйзамды кабыл алып эле таштап койбой, катуу көзөмөлдөсө анан алдына жылмак.
+7
Gulizaa
2021-05-11 01:56:25
Тойлорго чектоо койсо болчуудай го ,жаштыгымдын кобу Москва да ушу той-пойлорго иштеп акча салып отуп кетип жатат
+7
bond0202
2021-05-11 07:03:23
Закон кабыл алып штраф салып катуу чараларды койбосо токтотуш кыйын кыргыздарды.аш тойду токтотту деп да митингке чыгабыз.тапканыбыз тойлорго буйрусун деп койуп рлссияда тентип журо беребиз омур бою
+4
Nara5
2021-05-11 08:53:15
Тобоо биздеда ушундай жакшына ойлор жаралат экенда э колдойбуз
+4
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан