Чолпонбек Абыкеев Министрлер кабинетинин төрагасы Улукбек Мариповдун кеңешчиси болуп дайындалды. Бул тууралуу өкмөттүн басма сөз кызматынан билдиришти.
Маалыматка ылайык, тийиштүү буйрукка Министрлер кабинетинин төрагасы Улукбек Марипов кол койду.
Буга чейин Чолпонбек Абыкеев "Аалам" гезитинин башкы редактору, Кыргыз улуттук жазуучулар союзунун төрагасы, президенттин аппаратынын коомчулук менен байланыш бөлүмүнүн башчысы болуп иштеп келген.