Жалал-Абад шаардык кеңешинин депутаттары сессияда мэрдин "Кыргызстан" коммерциялык банкынан балдар бакчасынын имаратын сатып алуу демилгесин колдошту. Мэрия имаратты 10 жыл аралыгында 20 миллион сомго сатып алууну ниеттенет. Шаардык билим берүү башкармалыгынын башчысы Чырмашбек Доороновдун билдиргенине караганда, балдар бакчасынын имараты качандыр бир кезде жеке банкка Жалал-Абад пахта заводу менен кошо сатылып кеткен. Ошондон бери билим берүү башкармалыгы балдар бакчасынын имараты үчүн ижара акысын төлөп келет жана балдар бакчасынын жетишсиздигинен улам мектеп жашына чейинки балдардын 37 пайызы гана балдар бакчасына барат.