Биз социалдык тармакта

Кечээ көлдөгү Бөкөнбаев айылына жакын жерде жер титирөө катталды

Кечээ, 10-май күнү саат 16:00дө Ысык-Көл облусунда очогунда күчү 3 жарым баллга жеткен жер титирөө катталды. Бул тууралуу Сейсмология институтунан билдиришти.

"Жер титирөөнүн очогу Туура-Суу айылынан 6 чакырым түндүк-чыгышта, Бөкөнбаев айылынан 53 чакырым түндүк-батышта жана Кажы-Сайдан 68 чакырым батышта жайгашкан. Калктуу конуштарда жер титирөөнүн күчү Туура-Суу 3 жана Ала-Баш айылдарында 2 жарым, Шор-Булак, Оттук, Бар-Булак айылдарында 2 баллга чейин сезилди", - деп жазылат билдирүүдө.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан