УКМКнын СИЗОсунда камалып жаткан Саадат Маматкеримова кечээ, 21-октябрда таңкы саат 05:30да салмагы 2 килограмм 800 граммды түзгөн кыз төрөдү. Бул тууралуу КРнын Саламаттык сактоо министрлигинин басма сөз кызматы маалымдады. "Учурда аялдын жана ымыркайдын акыбалы калыптагыдай,"- дейт аталган басма сөз кызматы. Эскерте кетсек, Саадат Маматкеримованын адвокаты Икрамидин Айткулов "кош бойлуу Маматкеримованын ден соолугу жана өмүрү коркунучта" деп билдирген. Бул маалыматты УКМК жокко чыгарып, СИЗОдо жаткан кош бойлуу аялды госпиталга жаткыруудан баш тартышкан.