Бишкек шаардык сотуна Нариман Түлеевдин иши боюнча адвокаттар биринчи инстанциядагы өкүмдүн видеосун көрүү боюнча кайрылышты. Мындай билдирүүнү жактоочу Данияр Турдумамбетов билдирди. Анын айтуусу боюнча 29-июлдагы Ленин районунун залындагы өкүм менен ишке киргизилген өкүм эки башка. Айыпталуучулар жана алардын тарапташтары күбөлөрдүн көрсөтмөлөрү өзгөртүлгөнүн айтышууда. "Протоколдун 50 пайызы түшүнүксүз жазылган, адвокаттардын колуна да кечиктирилип берилди",- деди адвокаттардын бири Нина Зотова. Мамлекеттик айыптоочу суранууну четке кагууну айтып жатат.