Август айында америкалык басма сөз каражаттарынын бириндеги жаңылыкта бокс боюнча мурдагы дүйнө чемпиону Майк Тайсондун ичкиликке берилип кеткени жазылган. Бул маалыматтан кабар алган профессор Жеңишбек Назаралиев ошол эле күнү Майк Тайсонго интернет аркылуу кат жолдогон. Катта спортсменди ичкиликти таштатуу үчүн Кыргызстанга чакырган. Чакыруу каты Америка Кошмо Штаттарынын боксёрлор таймашын уюштуруучу "Iron Mike Production" компаниясына жеткен. Аталган компания кат жеткендиги тууралуу билдиришкен, бирок жооп келе элек. Жеңишбек Назаралиевдин чакыруу катын бокс боюнча орусиялык дүйнөлүк чемпион Костя Цзю жана кыргызстандык боксёр Алмазбек Раимкуловдор колдошкон. Бул тууралуу "Акыл-эс баңгизаттан тышкары" дүйнөлүк лигасынын басма сөз кызматы маалымдады.