Элчибек Жантаев Айыл, токой жана суу чарба министрлигине караштуу Аймактык өнүгүү мамлекеттик агенттигинин директору болуп дайындалды. Бул тууралуу анын жардамчысы Табылды Муратбековго байланышканыбызда маалым болду.
"Элчибек Жантаев Айыл, токой жана суу чарба министрлигине караштуу Аймактык өнүгүү мамлекеттик агенттигинин директору болуп дайындалды", - деп билдирди ал.
Белгилей кетсек, Элчибек Жантаев 2020-жылдын 2-ноябрда өкмөттүн Ысык-Көл облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлү болуп дайындалган.