Биз социалдык тармакта

Кайрымдуулук уюму Баткенге 100 миң долларлык курулуш курууну пландап жатат

“Катар” кайрымдуулук уюмунун Кыргыз өлкөсүндөгү филиалы чек арада орун алган акыркы окуялардан жабыркаган Баткен элине гуманитардык жардам алып келди.


Аталган уюм аймактагы 2000 үй-бүлөгө 110 тонна азык-түлүк баштыкчаларын таратышкан. Ошондой эле 4200 адамга ыйык орозо айынын урматына ооз ачуу үчүн тамак-аш таратканын облус өкүлчүлүгү кабарлады.


"Андан сырткары Баткен жергесине муктаждыкка жараша 100 миң долларлык курулушту пландоодо. “Катар” кайрымдуулук уюмунун Кыргыз өлкөсүндөгү филиалынын директору Алсамман Мохамад Хомам Ахмад Самир жергиликтүү эл менен жолугуп, болуп өткөн окуяларга байланыштуу көңүл айтты", - дешти мекемеден.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (2)
Aibek_eka
2021-05-11 14:59:43
Аллах раазы болсун мусулман бир туугандардан
+3
Rifle_I
2021-05-11 18:14:16
Ушул акчаларды айыл чарбага салыш керек. Азыр жеп жеп алып, эртең кайра бер деп отуруп калабыз.
Акылды иштетип Абдулла Ташиевичтин проектилерин ишке ашырыш керек.
0
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан