Бүгүн, 11-май күнү Министрлер кабинетинин Ош облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлү Жарасул Абдураимов Кара-Кулжа районундагы сел жүргөн аймактарга барды. Бул тууралуу өкүлчүлүктөн билдиришти.
Билдирүүгө ылайык, азыркы учурда селдин Ош облусунун башчысынын жетекчилиги менен селдин кесепеттерин жоюу, Мырзаке-Кара-Кулжа-Алайкуу жолун ачуу жана тазалоо иштери жүргүзүлүп жатат. Ал эми сел каптаган үйлөрдүн жашоочулары коопсуз аймактарга убактылуу көчүрүлө баштады.
Маалымат үчүн, 11-май күнү 03:00 чамасында Ош облусунун Кара-Кулжа районунда катуу жааган жаандын кесепетинен Мырзаке-Кара-Кулжа-Алайкуу унаа жолунун 45-65-чакырым аралыктарында, кокту-колоттордон таш аралаш сел суулары жүрүп унаа жолду жаап калган. Учурда Ош облусу боюнча ӨКМ башкармалыгынын башчысынын жетекчилигинде ыкчам топ жана жергиликтүү бийлик өкүлдөрү жерине чыгып, тактоо иш-чараларын жүргүзүшүүдө.