Ысык-Көл облусунун Каракол шаарындагы балдар бакчасынын биринде тарбиялоочу жана бала багуучу жок кезинде уул бала кыздын бетин кан чыккыча 7 ирет тиштеп алган.Бул тууралуу кыздын жакындары билдиришет.
"Тарбиялоочу дааратканага чыгып кетип, бала багуучу жок экен.Бул учурда бала биздин кыздын бетин аябастан тиштеп алыптыр,"-дейт кыздын бир тууганы Индира. Анын сөзүнө караганда, баланын ата-энеси менен териштирүүдөн кийин абалды кепке келишип чечүүгө мүмкүн болбогон. Балдар бакчасынын жетекчилиги уул баланы башка балдарга да коркунуч келбесин деп бала бакчадан чыгарып жиберишкен.