"Журналисттер" коомдук бирикмесинин иликтөөсүнө таянсак, Кыргызстанда ММК тармагында иштегендердин дээрлик жарымынын журналисттик билими жок. Изилдөөлөрдүн жыйынтыгы көрсөткөндөй, басылмада иштегендердин 57 пайызынын, радио тармагындагылардын 47 пайызынын, телекөрсөтүүлөрдө иштегендердин 70 пайызынын жана интернет басылмаларда эмгектенгендердин 60 пайызынын журналисттик билими бар. Көпчүлүк башкы редакторлор кызматкерлеринин кайсы адисттик боюнча жогорку билим алгандыгы туурасында билишпейт. Мындан изилдөөчүлөр журналисттер үчүн жөндөмдүүлүк маанилүү деген тыянак чыгарышып, бирок журналисттин профессионалдуулугун аныктоодо билими башкы талаптардын бири экенин белгилешкен.