Биз социалдык тармакта

Военно-Антоновкадагы курулуп жаткан мектептин баасы 200 миллион сомдон ашты

Бүгүн, 11-майда Жогорку Кеңештин Транспорт, архитектура жана курулуш боюнча комитети Сокулук районунда көчмө жыйын өткөрүп, 8 жылдан бери курулушу бүтпөй жаткан Военно-Антоновка айылындагы мектепке барды. Бул тууралуу парламенттин басма сөз кызматынан билдиришти.

Өкмөт өкүлдөрү маалымдагандай, 700 орунга ылайыкталган мектептин курулушу алгач 174 миллион 400 миң сомго бааланган. Бирок курулуш башталганда жер астынан суу чыгып, жер кыртышын аныктоо туура эмес болгондугу билинген. Натыйжада мектептин наркына кошумча 30 миллион сом керектиги талап кылынган. Азыркы учурда мектеп дээрлик 80 пайызга аяктап калган.

Эл өкүлү Тынчтыкбек Конушбаев жана Рыскелди Момбеков бул конуштун балдары жакыныраак жердеги мектепге барышарын, ал жакта сапаттуу билим ала албай жатканын айтышты. Депутат Тынчтыкбек Конушбаев тармактык комитеттин депутаттары ушуну менен 5-жолу көчмө жыйын менен мектепке келишкенин, бирок ушул күнгө чейин курулуш бүтпөгөнүнө нааразылык билдирда. Ал архитектура жана курулуш боюнча мамлекеттик агенттикти, подрядчы компанияны айыптады. “Былтыр айткансыңар сентябрда колдонууга берилет деп, быйыл да ошол сөздү кайталап жатасыңар. Акчасы чечилсе эмне үчүн курулуш бүтпөй жатат?”, -деди депутат Конушбаев.

Депутат Рыскелди Момбеков “Мындагы балдар жогору жактагы мектепке барышат, 4 нөөмөт менен окуп келишти. Класска балдар батпай үч-төрттөн отурушканын өз көзүбүз менен көргөнбүз. Мен ушул жакта жашагандыктан, жергиликтүү тургундар күн сайын мага арызданып келишет. Деги мектеп качан бүтөт?”, -деп суроо койду. Архитектура, курулуш боюнча мамлекеттик агенттиктин директору Уланбек Калманбетов 10 күндүн ичинде сметалык документтер даярдалып бүтөрүн айтты.

Эл өкүлдөрү курулуштун наркы өтө кымбаттап, “алтын мектепке” айланганын айтып сынга алды. Комитет мүчөлөрү мектептин курулушу боюнча көп териштирүүчү жагдайлар бар экенин белгилеп, жумуш тобун түзмөй болушту.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (2)
Shekeev969798
2021-05-11 23:38:31
174 млн бутуробуз деп тендерди утуп алышкан туурабы? Анан ошол тендерге катышкан чоон компания болсо керек, баарын иликтеп суу чыгабы билип туруп алган кийин дагы 30 млн бергиле суу чыгып мындай болуп атат деген болсо силер эмнеге 30млн кармата койдунар? же убагында бутуро албаса! бул жерде явно тендер туура эмес откорулгон баарын текшерип камаш керек!!!!
+2
Shekeev969798
2021-05-11 23:40:53
хотя-бы жаш балдардын акысын жебегилечи!!!
+2
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан