25-майда кадимки режимде салтанаттуу иш-чаралар өтпөйт. Бул тууралуу Билим берүү жана илим министрлигинин басма сөз кызматынан билдиришти.
Маалыматка ылайык, былтыркыдай онлайн иш-чаралар болот. Башкача айтканда, ар бир район, шаарлар 15 мүнөттүк майрамдык программа даярдап, видеого тартып, бизге жөнөтөт. Бул программалар 25-майда Илим-билим каналынан көрсөтүлөт.