Жогорку Сот мурдагы президент Курманбек Бакиевдин бир тууганы Каныбек Бакиевге карата чыгарылган өкүмдү жокко чыгарды. Бул тууралуу Жогорку Соттун басма сөз кызматынан билдиришти.
Маалыматка ылайык, 27-апрелде Жогорку Сот тарабынан буга чейин Бакиевге карата чыккан Жалал-Абад шаардык жана облустук соттун өкүмү жокко чыгарылган. Кылмыш иши толук иликтенбегенине байланыштуу кайра кароого жиберилди.
Ал эми жактоочунун Каныбек Бакиевди толугу менен актоо боюнча келтирген өтүнүчү канааттандырылган эмес.