Бишкектеги эски аянтта айт намазы өткөрүлбөйт. Бул тууралуу мэриянын басма сөз кызматынан билдиришти.
“Кыргыз Республикасынын Дин иштери боюнча мамлекеттик комиссиясынын маалыматы боюнча, быйыл Орозо айт 13-майда белгиленет. Комиссиянын чечимине ылайык, эски аянтта эртең менен салттуу майрамдык намаз болбойт. Айт намазы комиссия тарабынан белгиленген мечиттерде, санитардык эрежелерди так сактоо менен окулат”, - деп айтылат билдирүүдө.