Биз социалдык тармакта

Садыр Жапаров Казандагы мектепке куралдуу кол салууда курман болгондорго байланыштуу Татарстан элине көңүл айтты

Бүгүн, 11-майда президент Садыр Жапаров Казань шаарындагы мектепке куралдуу кол салуудан курман болгондорго байланыштуу Татарстан элине көңүл айтты. Бул тууралуу президенттик администрациянын басма сөз кызматынан билдиришти.

"Казандагы мектепке куралдуу кол салуудан улам окуучулар менен мектеп кызматкерлеринин курман болгондугу жана жаракат алгандыгы тууралуу суук кабарды терең кайгыруу менен кабыл алдым.

Кыргыз Республикасынын элинин жана өзүмдүн атымдан курман болгондордун үй-бүлөлөрүнө жана жакындарына терең кайгыруу менен көңүл айтам жана окуяда жабыркагандардын тезирээк сакайып кетишин каалайм.

Орду толгус оор жоготуунун кайгысын тең бөлүшөбүз", - деп айтылат көңүл айтууда.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан