Кыргызстанда радиостанцияда иштеген журналисттердин айлык маянасы көп
Кыргызстанда ММКларда иштеген журналисттердин арасында эң чоң жана орточо
айлык радиодо жана интернет-басылмаларында иштеген журналисттерде экен.
Бул тууралуу бүгүн, 22-октябрда "Журналисттер" коомдук бирикмесинин
төрагасы Марат Токоев маалымат жыйынында билдирди. Белгилей кетсек,
"Журналисттер" коомдук бирикмеси 5 ай аралыгында Кыргызстандагы ЖМКлар
арасында чакан медиа изилдөө жүргүзгөн.
Изилдөөлөрүнүн жыйынтыгы боюнча, радио журналисттер айына 7 миң сомдон көп айлык алышат. Мисалы, Ош шаарындагылар 14 миң сом, Бишкектегилер 10 миң 500 сом. Ал эми басылмаларда (гезит, журналдар) эмгектенгендердин айлык маянасы 7 миң сомдун тегерегинде. Ош шаарында 6 миң 600 сом болсо, Бишкекте 9 миң сом экени белгилүү болгон. Бишкекте телекөрсөтүү тармагында эмгектенгендер айына орто эсеп менен 13 миң сом алышат. Интернет басылмалардагы кызматкерлер 15 миң 700 сом алышканы менен, аймактарда 3 миң сомго жетпеген айлык алышат.