2021-жылдын 4 айында Ысык-Көл облусунун аймагында 115 өрт кырсыгы катталып, материалдык чыгым 12 миллион 59 миң 93 сомду түздү. Бул тууралуу ӨКМнын Ысык-Көл облусу боюнча башкармалыгынан билдиришти.
Билдирүүгө ылайык, өрттүн кесепетинен эки адам каза болуп, 6 адам жаракат алган. Эң көп өрт турак жай секторунда катталган.
"Өрт-куткаруу бөлүмдөрүнүн өздүк курамынын күчү менен өрттү өчүрүүдө 92 миллион сомдон ашуун материалдык баалуулуктар сакталган. Өрттүн негизги себептери - электр жабдууларын эксплуатациялоо эрежелерин бузуу, отко этият мамиле кылбоо, тамеки чегүүдө этиятсыздык жана башкалар болуп саналат", - деп жазылат маалыматта.
Облустагы өрттүн жайылышы: