Бишкекке Санкт-Петербургдан 68 адамдан турган делегация келет

Үстүбүздөгү жылдын 24-27-октябрь аралыгында Бишкекке Санкт-Петербургдан кеңейтилген курамдагы делегация келет. Курамы бизнес-структура, медицина, билим берүү жана искусство өкүлдөрүнөн жана Мариинск театрынын балет труппасынан туруп, жалпы 68 адамды түзөт. Делегациянын максаты-тажрыйба алмашуу.Театр артисттери мастер класс өтөт. Жолугушуу учурунда Бишкек жана Санкт-Петербург шаарларынын ортосундагы байланышты кеңейтүү маселеси каралат.Ошондой эле бишкектик врачтарды Санкт-Петербургдагы клиникалардан стажировкадан өткөзүү маселеси да талкууланат.

Бул тууралуу Бишкек мэриясынын басма сөз кызматынан билдиришти.

 
РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан