Биз социалдык тармакта

Баткен облусуна Тажикстандын фуралары кирип жатат деген видео боюнча ОИИБ жооп берди

Социалдык тармактарда Баткен облусуна Тажикстандын фуралары кирип жатат деген видео тарап, талкууга алынган. Бул окуя боюнча Баткен ОИИБи маалымат таратты.

"Баткен облусунун кире бериш аймагынан кармалган Тажикстандын 3 фурасы 4 күндөн бери, тагыраак айтканда, 7-майдан бери чек ара тилкелериндеги окуяга байланыштуу коопсуздугун камсыздоо максатында милиция кызматкерлери тарабынан кармалып турган.

Кечээ, 11-май күнү кармалган 3 фураны Баткен ОИИБинин унаа токтотуучу жайына жол кыймылынын коопсуздугун камсыздоо кызматынын коштоосунда Баткен шаарына алынып келе жаткан. Кыргыз жарандарынын 7 фурасы Тажик Республикасында кармалып турат. Эки өлкөнүн ИИМ жетекчилеринин сүйлөшүүсүнүн натыйжасында бул кармалган фуралар Кыргыз жарандарынын тажик аймагында кармалган фураларына алмаштырылат", - деп жазылат маалыматта.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (6)
Dalil
2021-05-12 09:55:02
Эл тажиктер менен мамилени токтотобуз деп жатса булар алмашабыз дейт. Ошол жети фура дагы ойдодогу чондордуку да. Карапайым калктыкы болсо карап да коймок эмес.
+15
bond0202
2021-05-12 10:11:24
Ичиндеги товарын тушуруп койуп алмаша берсин.эч ким каршы болбосо керек
+8
Urmat78
2021-05-12 10:24:22
Любой нерсеге жооп даяр да.Уурдап атканын кармап алса дагы суудан кургак чыгышат.Эми кайра ошо жерде кимдер болсо аларга иш козгоп ийишсе эле.Жакшысы ким корду кылып орттоп салышпаптыр тажикке жакшылык кылып не таптык.Канча кишилерибиз олуп кетти.Акча десе апасын сата тургандарды кошо сатып ийиш керек тажиктерге чыккынчылар азаят кичине болсо да
+11
Nina.alex
2021-05-12 10:48:24
Акмактар
+3
Boru-89
2021-05-12 10:52:13
Алмаштырбай эле коюшсун 7 фура кайсы карапайым дыйкандыкы эле?же не ошол фуралар Баткенде бекер эле иштеп бермек беле.Ал фуралардын элге кызыгы жок,мамлекеттики дагы эмес.
+8
jokebai
2021-05-12 14:42:50
Биздин органдарга акча берсе болду башка жагында берет
+3
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан