Депутаттар өкмөт башчы Жантөрө Сатыбалдиевдин комитет жыйынына келбегенин сынга алышты

Жогорку Кеңештин Мыйзамдуулук, укук тартиби жана кылмыштуулук менен күрөшүү комитетинин 22-октябрдагы жыйынында депутат Мыктыбек Абдылдаев өкмөт жетекчилигинин жыйынга катышпай жатканын сынга алды. Депутат 2 апта мурун министрлерге комитетте 2014-жылга бюджеттин долбоору карала турганы айтылганын кошумчалады.  

"Премьер-министр Жантөрө Сатыбалдиев, вице-премьер-министр Токон Мамытов катышуусу керек болчу. Бирок дагы эле иштен бошобой жатканын айтышып келишкен жок. Өкмөткө бюджет керекпи? Мындай болбойт. Өкмөт жетекчилигинин жоктугунан бул мыйзам долбоору каралбай калууда. Буга күнөөлүү бирөөнү жоопкерчиликке тартышыбыз керек окшойт",- деди Абдылдаев.  

Комитет жыйынында аталган маселени кароо башка күнгө жылдырылды. 

 
РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан