Өлкөдөгү эпидемиологиялык абалга байланыштуу Орозо айт намазы эски аянтта өткөрүлбөйт. Бирок Бишкек шаарындагы жана өлкө аймагындагы бардык мечиттерде окулуп, таңкы саат 07:00дө башталат. Бул тууралуу муфтияттан билдиришти.
Маалыматка ылайык, Айт намазга келген ар бир жаран төмөнкү санитардык эрежелерди так сактоосу талап кылынат. Алар:
Бет каптын болуусу талап кылынат;
Ар бир адам жайнамазын ала келүү сунушталат;
Мечитте адамдардын ортосунда 1,5 метрдик аралыкты так сактоо;
Жарандардын кол алышып, кучакташып көрүшүүсүнө тыюу салынат;
Дааратты үйдөн алуу;
Жаш балдар жана ооругандар, дене табы көтөрүлүп жаткан жарандардын келбөөсү талап кылынат;
Айт намазы мечиттерде окулуп бүткөн соң көп убакытка кармалбай тарап кетүү сунушталат.