Өлкөдө биометриялык паспорт долбоорун ишке ашырууга 1 миллиард 200 миллион сом керек. Муну өкмөттүн басма сөз кызматынан кабарлашты. Долбоор ишке ашса паспорттун аталган түрү 2014-жылдан баштап жарандарга бериле баштайт. Эске салсак, бул маселе боюнча тийиштүү тапшырманы премьер-министр Жантөрө Сатыбалдиев 19-октябрдагы өкмөт жыйынында берген. Биометриялык паспорт боюнча керектүү каражат бөлүнсө, документ кийинки жылдан тарта даярдала баштамакчы.
Биометриялык паспорт - адамдын өздүгүн тастыктоочу документ. Ага чип орнотулат, анын ичине биографиялык маалымат менен бирге үч өлчөмдүү санариптик сүрөт киргизилет. Аны банк карточкасы катары да колдонсо болот