Алмазбек Атамбаев Дүйнөлүк банктын өкүлү Сарож Кумар Жаны кабыл алды

Бүгүн, 22-октябрда президент Алмазбек Атамбаев Дүйнөлүк банктын Борбор Азия боюнча регионалдык директору Сарож Кумар Жаны кабыл алды. Жолугушууда Кыргызстан менен Дүйнөлүк банктын ортосундагы кызматташтык жөнүндө сөз болду. Президент өлкөнүн аталган өнүктүрүү институту менен кызматташтыктын маанисин белгиледи. 

 

Сарож Кумар Джа институт дагы Кыргызстан менен кызматташтыкты жогору баалаарын баса белгиледи. Ал 2013-2017-жылдардын мезгилине Кыргызстанды туруктуу өнүктүрүүнүн Улуттук стратегиясынын айрым долбоорлорун Дүйнөлүк банк каржылоого даяр экендигин айтты.

Андан тышкары Сарож Кумар Жа Президентке ак илбирсти сактоо боюнча Дүйнөлүк форумга келгендигин маалымдады. 

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан