Биз социалдык тармакта

"Ооруканада баламдын мээсин антибиотик менен күйгүзүп коюшту" дейт оор абалдагы Абдулланын апасы

Үч баланын энеси Асылгүл Сүйүнбай кызы экинчи уулун мындан эки жарым жыл мурун 6 саны аман, 12 мүчөсү жайында, дени сак көз жарган. Уулу Абдулла 5 айлык кезинде алы кетип турганын байкап ооруканага алып барышат. Дарыгерлер ага эки тараптуу пневмония деген диагноз коюшат. Пневмония 2019-жылы өлкөбүздө али кездеше элек диагноздордун бири эле анын күчөшү 2020-жылы болду. Буга чейин мындай оору менен жаш бала жабыркаганын көрүп дарыгерлер деле эмне кыларын башында билишпегенин Абдулланын апасы Асылгүл айтты.

"Бул ооруну биринчи жолу угуп жатамын" деген дарыгерлер баламды жандандыруу бөлүмүнө жаткырышты. Кийин өпкөсүндө грибок бар экенин айтышты. Татынакай эле чоңоюп келе жаткан балама эмне болуп жатканын мен дагы, дарыгерлер дагы түшүнгөн жокпуз. Көп өтпөй Орусиядан бир нече антибиотик алдырышты. Аны сайганда балам көтөрө албай калды. Өпкөсү иштен чыгып, башы менен дем алып калды. Ошол учурда мен дарыгерлерден сурангам, жалдырагам "уулум кыйналып жатат карап койгулачы" дегениме карабай алар жайдары, шашпай чайын ичип отурушкан. Дарыгерлердин шалаакылыгынан, туура эмес өтө күчтүү антибиотикти сайганынан улам уулумдун мээси күйүп, азыр минтип төшөктөн тура албай жатат. 2 жарымга чыкканы менен салмагы 6 килограмм. Менин башымдан өткөндү эч кимге каалабайм. Артымдан дагы башка жаш энелер балдарын оорулуу кылып албоосу үчүн президентибизге кайрылам", - деди Абдулланын апасы Асылгүл.

Жардам берүүнү каалагандар үчүн:

Асылгүл Сүйүнбай кызы
Optima Bank
4169 5853 4921 5342

Асылгүл Сүйүнбай кызы
Сбербанк
5336 6901 0535 7653

ЭЛСОМ 0501 50 61 11
О! 0501 50 61 11

ЭЛКАРТ
9417 3384 4503 1869
Абдрасул Таалайбек уулу

Толугу менен видеодон көрүңүз.

“Ооруканага соо барган уулум оор абалда чыкты, ошондон бери аппарат менен дем алат“
РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (4)
Kuyoo_bala
2021-05-12 23:33:45
Элсом мн кантип которот айтып койгулачы
+2
KG1234567
2021-05-13 23:59:17
Kuyoo_bala, любой терминал аркылуу которсонуз болот. Банкоматтын экранынан "ЭЛСОМ" деп тандайсыз - корсотулгон номерди тересиз - и.т д.
0
zahid
2021-05-13 09:51:20
Башы менен дем албайт даа опкосу иштен чыкса башка органы анын функциясын аткара албайт го
-2
Begimkyz
2021-05-13 12:39:03
Ии жаны азап тартып атат го бул периштенин((( эч нерсе көрбөгөндөй болуп чуркап кет.
+1
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан