Биз социалдык тармакта

Эртең өлкөдө кандай аба ырайы күтүлөт?

Эртең, 13-майда Ысык-Көл облусунун көпчүлүк аймактарында Чүй, Нарын, Ош, Жалал-Абад облустарынын кээ бир райондорунда жаан жаайт. Бул тууралуу Кыргызгидрометтен билдиришти.

Талас, Баткен облустарында жаан-чачын жаабайт. Күндүз Ош, Баткен, Ысык-Көл облустарынын кээ бир райондорунда, Жалал-Абад облусунун тоолорунда жаан жаап, күн күркүрөйт, бийик тоолордо кар жаайт, калган аймактарда жаан-чачын жаабайт.

Абанын температурасы:

Чүй облусунда түнкүсүн +6...+11, күндүз +20…+25;

Талас жергесинде түнкүсүн +5...+10, күндүз +20…+25;

Ош, Баткен, Жалал-Абад дубандарында ​түнкүсүн +10…+15, күндүз +24…+29;

Ысык-Көл облусунда түнкүсүн +3…+8, күндүз +15…+20;

Нарын облусунда түнкүсүн +4…+9, күндүз +17…+22;

Бишкекте жаан-чачын жаабайт. Абанын температурасы түнкүсүн +9…+11, күндүз +23…+25 градус болот.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан