Биз социалдык тармакта

Акылбек Жапаров: "Центерра Голд" компаниясы 26 жыл ичинде 4 миллиард доллардын ордуна болгону 1 миллиард 700 миллион доллар төлөгөн"

"Кумтөр" алтын кенин иштеткен Канаданын "Центерра Голд" компаниясы 26 жыл ичинде кыргыз өкмөтүнө 4 миллиард доллардын ордуна болгону 1 миллиард 700 миллион доллар төлөгөн. Бул тууралуу "Кумтөр" боюнча депутаттык комиссиянын төрагасы Акылбек Жапаров парламенттик комитеттин жыйынында билдирди.

Анын айтымында, канадалык компания маалыматтарды манипуляциялаган.

"Депутаттык комиссиянын бүтүмүнө ылайык, "Центерранын" сайтында жарыяланган маалыматтар бурмаланган. Ал жакта компания иш жүргүзүп баштагандан бери 4 миллиард долларды кыргыз өкмөтүнө которгондугу белгиленген. Бирок иш жүзүндө 26 жыл ичинде болгону 1 миллиард 750 миллион доллар, тактап айтканда, 2 жарым эсе аз каражат которгон", - деди Жапаров.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (1)
Asman779
2021-05-12 19:34:44
Буюрса тышкы карыздан кутулганы калдык окшойбуз
0
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан