Биз социалдык тармакта

Борбор калаада 17-майдан тарта ысык суу берүү өчүрүлөт

Бишкекте 17-майдан 17-июнга чейин ысык суу берүү убактылуу токтотулат. Бул тууралуу шаардык мэриядан билдиришти.

Билдирүүгө ылайык, тиешелүү буйрукка шаар мэринин милдетин аткаруучу Бактыбек Кудайбергенов кол койду.

"Өчүрүү жыл сайын жүргүзүлүүчү техникалык тейлөө иштерине жана жылуулук тармактарын, жылуулук керектөө тутумдарын жылытуу мезгилине сапаттуу жана өз убагында даярдоону камсыз кылуу максатында жүргүзүлөт", - деп жазылат маалыматта.

Шаардык мэрия келтирилген ыңгайсыздык үчүн шаар тургундарынан кечирим сурайт!

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан