Кара-Суу шаарынын жаңы шайланган мэрин БШК бекитти

Борбордук шайлоо комиссиясы 22-октябрдагы жыйынында Оштогу Кара-Суу шаарынын мэрин шайлоо жана Чүй облусунун Ысык-Ата районундагы Логвиненко айыл өкмөтүнө шайлоолордун протоколдорун бекитти. Муну БШКнын басма сөз кызматы билдирди. Айта кетсек, бул шайлоолор 14-октябрда өткөн. Анда Кара-Суу шаарынын мэри болуп Зарлык Тургунбаев, Логвиненко айыл өкмөтүнүн башчысы болуп Алмаз Дооронбеков шайланган эле. 

  

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан