Өлкөдөгү эпидемиологиялык абалга байланыштуу Орозо айт намазы эски аянтта окулбай, өлкө аймагындагы бардык мечиттерде окулуп жатат.
Бүгүн, 13-майда айт намазы эски аянтта окулбаганына байланыштуу мечиттерде эл көп, 7-кичи райондо жайгашкан "7-Апрель шейиттери" мечитине жарандар милициянын көзөмөлү менен киргизилүүдө.
Мечиттин ичинде аралыктар сакталып, жарандар бет кап тагынып намаз окуп жатышат.