Өлкөдөгү эпидемиологиялык абалга байланыштуу Орозо айт намазы эски аянтта окулбай, өлкө аймагындагы бардык мечиттерде окулуп жатат.
Бүгүн, 13-майда айт намазы эски аянтта окулбаганына байланыштуу мечиттерде эл көп. "7-Апрель шейиттери" мечитине жарандар милициянын көзөмөлү менен киргизилди.
Ал эми жогорудагы сүрөттөр намаз окуп чыккан жарандардын маанайын чагылдырат.