Биз социалдык тармакта

Бишкекте милициянын кайгуул кызматкерлери толгоосу жакындап калган айымды төрөт үйүнө жеткиришти

Бишкекте милициянын кайгуул кызматкерлери боюнда бар айымды төрөт үйүнө жеткиргенге жардам көрсөтүштү. Бул тууралуу кайгуул кызматынан билдиришти.

Маалыматка ылайык, бүгүн, 13-майда болжол менен саат 06:40 чамасында милициянын кайгуул кызматкерлери бөлүнгөн аймакта кайгуул кылып жаткан учурда Лермонтов көчөсүндө жашаган "Таатан" соода борборунун жанынан Шевроле Ланос үлгүсүндөгү унаанын айдоочусу жардам сурап кайрылган.

"Анда унаадагы аялынын төрөтү жакындап, төрөт үйүн таппай жаткандыгын жана тез тоскоолдуксуз коштоп жеткирип коюуну суранган. Кайгуул кызматы Чүй облустук төрөт үйүнө жеткиришкен. Алар кайгуул кызматынын ыкчам аракетине ыраазычылыгын билдирди", - деп билдиришти милициянын кайгуул кызматынын басма сөз кызматынан.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан