Биз социалдык тармакта

"Кудайберген" базарындагы адам өлтүрүү. Шектүү Казакстандан кармалды

Бишкектеги "Кудайберген" базарындагы адам өлтүрүүгө шектүү жаран кармалды. Бул тууралуу Бишкек ШИИББинин маалымат кызматынан билдиришти.

Шектүү Казакстандын Алматы шаарынан табылып кармалган. Учурда кармалган жаранды Кыргыз өлкөсүнө экстрадициялоо маселеси чечилип жатат.

Окуянын чоо-жайы:

3-апрель күнү саат 15:30 чамасында "102" кызматына Патрис Лумумба жана Дэн Сяопин көчөлөрүнүн кесилишинде мушташ орун алып, эркек киши бычактан жаракат алды деген маалымат келип түшкөн.

Анда 1988-жылы туулган Артур Багданов аттуу жаранга белгисиз адам бычак сайып, ал "Тез жардам" кызматы менен ооруканага жеткирилген. Тилекке каршы, ал алган жаракаттарынан улам эсине келбей каза болгон.

Ошол күнү Багдановдун жумушуна 3 досу келгени, арасында 32 жаштагы Николай Алексеев аттуу тууганы болгону алардын ортосунда пикир келишпестик болуп, тууганы бычак менен сайып жибергени далилденген.

Бул факты Кылмыштардын жана жоруктардын бирдиктүү реестрине 130-берене (адам өлтүрүү) менен катталып, иликтөө иштери башталган.

Шектүү Николай Алексеевди издөө иштери башталып, чек араларга да билдирүү жиберилген. Издөө жана кармоо иштери тынымсыз жүрүп жаткандыгы маалымдалган болчу.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (5)
Shekeev969798
2021-05-13 12:50:59
Кочолорубуздун аттары озгочо да патрис Лумумба ким деп Гуглдан сурасам Оо африканын политиги экен ал кочого анын кандай тиешеси бар)) Кыргызча койсо болбойбу?
+1
NURSAPAR
2021-05-13 15:46:50
Shekeev969798,Патрис Лумумбанын түбү кыргыз болот, ууу илгери ошол жакка көчүп кеткен. Абдраим аванын чоң аталары.
+1
Betei
2021-05-13 23:47:12
,,
0
Betei
2021-05-13 23:47:36
Ал ошондой де.
0
Asmat84
2021-05-14 00:57:59
Өлгөн жигит да тиги өлтүргөн айбан да цыган улутунан болушат экен
0
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан