Бир сутка ичинде өлкө боюнча 12 медицина кызматкери коронавирус жуктуруп алганы аныкталды, алардын ичинен үчөө кызыл зонада. Бул тууралуу республикалык штабдан билдиришти.
Бишкек - 6;
Чүй облусу – 3;
Ысык-Көл облусу – 3.
Ал эми бир суткада стационардан 3, үй карантининен 6 медкызматкер чыгарылган.
Жалпысынан республика боюнча COVID-19 диагнозу менен медицина кызматкерлеринин арасында – 4523 катталды, алардын ичинен 4455 медкызматкер сакайды.