Биз социалдык тармакта

Күн ачык болот. Эртеңкиге карата аба ырайы

Эртең, 14-майда түнкүсүн өлкө аймагында жаан-чачын жаабайт. Бул тууралуу Кыргызгидрометтен билдиришти.

Күндүз Ысык-Көл, Нарын облустарынын көпчүлүк аймактарында Чүй, Ош, Жалал-Абад, Баткен облустарынын кээ бир райондорунда жаан жаап, күн күркүрөшү, бийик тоолуу райондорунда кар жаашы мүмкүн, Талас облусунда жаан-чачын жаабайт.

Бийик тоолуу райондордо жолдор тайгак болот.

Абанын температурасы:

Чүй облусунда түнкүсүн +7...+12, күндүз +22…+27;

Талас жергесинде түнкүсүн +5...+10, күндүз +22…+27;

Ош, Баткен, Жалал-Абад дубандарында ​түнкүсүн +11…+16, күндүз +24…+29;

Ысык-Көл облусунда түнкүсүн +3…+8, күндүз +15…+20;

Нарын облусунда түнкүсүн 1…+6, күндүз +15…+20;

Бийик тоолуу аймактарда түнкүсүн -5…-10, күндүз 0…+5 градус болот.

Бишкекте күндүз жаан-чачын жаабайт, кечке маал бир аз жаан жаап, күн күркүрөшү мүмкүн. Абанын температурасы түнкүсүн +8…+10, күндүз +23…+25 градус болот.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан