Жалал-Абаддын Чаткал районундагы кыргыз чек арачыларынын жашоо шарты оор. Өзбекстан менен чектешкен Ак-Таш айылында абал өзгөчө оор. Муну 22-октябрда жергиликтүү бийлик жетекчилиги аймакка иш сапары менен барган вице-премьер-министр Токон Мамытовго айтышты. Аталган айыл өкмөттүн башчысы Эгемберди Кошокбаевдин айтымында, аймактагы чек арачыларга кышында ат, эшектер менен азык-түлүк жеткирилет. Жүктү чек ара кайтаргандар өздөрү жонуна көтөрүп ташыган учурлар да болот. Ал эми аларга жакын жайгашкан коңшу өлкөнүн чек арачыларына толук шарт түзүлгөнү айтылды. Шарттын жоктугунан кыргыз тараптын чек арачылар иш таштап кетип жатышканын айтты айыл өкмөт башчысы.