12-май күнү Ички иштер министрлигинин Ички аскерлеринин кол башчысы Исламбек Кенжекулов Баткен облусундагы тажик тараптын агрессивдүү кол салуусунан жарадар болгон аскер кызматкерлерине барды. Бул тууралуу аталган кызматтан билдиришти.
Кол башчы аскер кызматкерлери менен маек куруп, алардын ден соолугунун калыбына келүү процессине кызыкты. Ошондой эле алардын эртерээк сакайышына жана күчтөрүнүн калыбына келүүсүн каалап, алардын толук айыгуу менен сапка кайтып келүүсүнө Ички аскерлеринин кол башчылыгы тарабынан бардык күч-аракеттер жумшаларын белгилеп өттү.
Азыркы күндө аскер кызматкерлери Ички иштер министрлигинин бейтапканасында жана башка Бишкек шаарынын медициналык бөлүмдөрүндө стационардык дарыланууда.