Коомдук ишмер Ассоль Молдокматова Баткен облусуна келип, Кыргыз-Тажик чек арасындагы куралдуу жаңжалда жабыркаган үй-бүлөлөрдүн балдары менен жолукту. Ал балдар менен жакындан баарлашып, ар бирине бекем ден соолук, кең келечек каалаганын өкүлчүлүктүн маалымат катчысы кабарлады.
"Ошону менен катар жалпы 138 балага 3000 сомдон акчалай жардам көрсөттү. Ассоль Молдокматова окуядан жабыр тарткан 138 баланы керектүү кийим-кече менен камсыздап, 27-майда Ош аэропорту аркылуу Ысык-Көлгө 10 күндүк эс алууга алып бараарын айтып, ата-энелери менен макулдашты", - деди маалымат катчы.