Биз социалдык тармакта

Кыргыз-Түркмөн мамлекет башчылары эки тараптуу кызматташуусунун актуалдуу багыттарын талкуулашты

Бүгүн, 13-майда президент Садыр Жапаров Түркмөнстандын президенти Гурбангулы Бердымухамедов менен телефон аркылуу сүйлөштү. Бул тууралуу президенттик аппараттын басма сөз кызматынан билдиришти.

Мамлекет башчылары Кыргыз-Түркмөн эки тараптуу кызматташуусунун актуалдуу багыттарын, биргелешкен регионалдык күн тартибиндеги маселелерди талкуулашты.

Мындан сырткары Садыр Жапаров менен Гурбангулы Бердымухамедов бири-бирин жана Кыргыз өлкөсү менен Түркмөнстан элдерин ыйык Орозо айт майрамы менен куттукташты.

Тараптар эки мамлекеттин ортосунда түзүлгөн боордоштук мамилелердин жогорку деңгээлин канааттануу менен белгилешип, биргелешкен кызматташууну өнүктүрүүгө даяр экендиктерин билдиришти.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан