Бүгүн, 14-майга карата Токтогул суу сактагычындагы суунун көлөмү 9 миллиард 600 миллион метр кубду түздү. Бул тууралуу "Электр станциялары" ачык акционердик коомунун басма сөз кызматынан билдиришти.
"Бүгүн, 14-майга карата Токтогул суу сактагычындагы суунун көлөмү 9 миллиард 600 миллион метр кубду түздү. Суунун орточо күндүк агып кириши секундасына 1 миң 85 метр куб, агып чыгышы 281 метр кубду түзүүдө", - деп билдиришти басма сөз кызматынан.
11-майда суу сактагычта 9 миллиард 372 миллион метр куб суу бар болчу.