Билим берүү жана илим министрлигинде мектептик жалпы билим берүүнүн мамлекеттик билим берүү стандартынын долбоору талкууланды. Бул тууралуу аталган мекеменин басма сөз кызматынан билдиришти.
Маалыматка ылайык, "Билим берүү жөнүндө" мыйзамдын 5-беренесине ылайык мамлекеттик билим берүү стандарттарын кайра карап чыгуу жана жаңылоо беш жылда кеминде бир жолу жүргүзүлөт.
Кыргыз билим берүү академиясынын вице-президенти Уланбек Мамбетакунов билим берүү системасынын өкүлдөрүн мамлекеттик стандарттын долбоору менен тааныштырды.
"Ушул кезде колдонулуп жаткан стандарт өкмөттүн 2014-жылдын 21-июлундагы №403 токтому менен кабыл алынган. Бул мезгилде документте көрсөтүү зарыл болгон билим берүү системасына коюлуучу талаптар өзгөрүп кетти. Мисалы, мамлекеттик стандарт долбоорунда билим берүүнүн милдеттери жаңыланды:
Мамлекеттик стандарттын долбоорунда көрсөтүлгөн билим берүүнүн милдеттерине ар бир окуучунун чыгармачыл жөндөмдүүлүктөрүн айкындоо жана өнүктүрүү, аларды эмгекти сүйүүгө, бийик адеп-ахлактык принциптерди карманууга тарбиялоо, инсандын өзүн өркүндөтүүсү, өзүн таанып-билүү көндүмдөрүн калыптандыруусу үчүн эң жогорку жагымдуу шарттарды түзүү, ошондой эле билим берүү системасындагы тарбиянын салттуу маданий, руханий-адеп-ахлактык жана үй-бүлөлүк баалуулуктарга ылайык келүүсүн камсыздоо, балдардын физикалык, психикалык, социалдык, руханий-адеп-ахлактык өнүгүүсү үчүн шарттар да киргизилди", - деп белгилеген Мамбетакунов.