Биз социалдык тармакта

Бишкекте ойноп жүрүп адашып кеткен 4 жашар кыз менен 5 жашар бала табылды

Бишкекте адашып кеткен кыз менен бала табылып ата-энесине өткөрүлүп берилди. Бул тууралуу Милициянын кайгуул кызматынын басма сөз кызматынан билдиришти.

Маалыматка караганда, 13-майда болжол менен саат 14:00 чамасында “102” кызматына Чүй көчөсүнөн кыз жана бала жоголду деген маалымат келип түшкөн.

"Айтылган дарекке милициянын кайгуул кызматкерлери барганда 1990-жылы туулган айым кайгуул кызматкерлеринен жардам сурап кайрылган. Анда ошол эле даректеги короодо 2016-жылы туулган баласы жана 2017-жылы туулган кызы ойноп жүрүп жоголуп кетишкендигин кабарлаган.

Издөө иш-чараларынын жүрүшүндө Чүй жана Сүйүнбаев көчөлөрүнүн кесилишинен адашып кеткен балдарды таап, апасына сак-саламат жеткирип беришти", - деп билдиришти кайгуул кызматынан.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан