Адылбек Касымалиев президенттин администрациясынын жетекчисинин орун басары болуп дайындалды. Бул тууралуу президенттик администрациянын басма сөз кызматынан билдиришти.
Маалыматка ылайык, буйрукка президент Садыр Жапаров кол койду.
Адылбек Касымалиев буга чейин каржы министри болуп иштеген.