Биз социалдык тармакта

"Тазалыктын" басма сөз катчысы: "Бишкекте 4 мас адам таштанды тазалап жаткан жүк ташуучу жумушчуну сабашты"

Бишкекте 4 мас адам таштанды тазалап жаткан жүк ташуучу жумушчуну сабашты. Бул тууралуу "Тазалык" ишканасынын басма сөз катчысы Жибек Каракеева социалдык тармактагы баракчасына жазып чыкты.

"14-майга караган түнү мас абалындагы төрт жаран таштанды алып жаткан Эржан аттуу жүк ташуучу жумушчуну сабап салышкан. Комтранском бригадасы Туңгуч кичи районунда иштеген, бардык таштандылар жүктөлгөндөн кийин алар андан ары кетүүнү каалашкан. Бирок кара түстөгү Honda Fit унаасы жолду жаап калган.

Ал унаада 4 мас жигит болгон. Жүк ташуучу жумушчу унааны жылдырып, атайын техниканы өткөрүп берүүсүн суранганда алар аны сабап башташкан. Андан соң алар качып кетишкен. Милиция кызматкерлери алардын үчөөсүн тапты, айдоочу качып кеткен. Ал эми Эржан азыр республикалык ооруканада, нейрохирургия бөлүмүндө жатат", - деп жазылат маалыматта.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (4)
alym21
2021-05-15 00:12:58
Фиттеги иттер
+1
baltabaev
2021-05-15 10:28:38
Шакалдар
0
baltabaev
2021-05-15 10:30:59
Менин колума тушуп калганынарда тортоонду торт жакка чачыратмакмын акмактар,ошол жигитчелик коомго пайданар тийбесе зыянынарды тийгизбегилечи страныч силерден
+1
serche
2021-05-15 20:34:28
Жазаларын алсын. 3оо табылса, бироосу да оной эле табылат, албетте аракет кылышса
0
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан