
Бүгүн, 15-майда Бишкектеги өкмөт үйүнүн алдында митинг өтүп жатат.
Митингдин катышуучуларынын айтымында, алардын эч кандай талабы жок.
"Биз тынчтык митингин өткөрүп жатабыз. Биздин максат күн сайын өтүп жаткан ар кандай акцияларды токтотуу. Бийликке иштегенге мүмкүнчүлүк берилиши керек", - деди митингдин катышуучуларынын бири.
Акцияга 2000ге чукул адам катышууда.