Бишкекте шаар тургундары, шаардык мэриянын, райондук администрациялардын кызматкерлери катышкан ишембилик өттү. Бул тууралуу борбор калаанын мэриясынын басма сөз кызматынан билдиришти.
Маалым болгондой, жалпы шаардык ишембиликке 6 620 адам катышып, чогулган таштандыларды "Тазалык" муниципалдык ишканасынын атайын техникалары ташыды.
"Четте карап турбай, борбор шаарыбыздын тазарышына салым кошкон ар бир тургунга ыраазычылык билдиребиз", - деп жазылган мэриянын билдирүүсүндө.