Бир сутка ичинде өлкө боюнча 7 медициналык кызматкер коронавирус жуктуруп алганы аныкталды, алардын ичинен 1 учур кызыл зонада. Бул тууралуу республикалык штабдан билдиришти.
Алар:
Бишкек - 6;
Ысык-Көл облусу – 1.
Ал эми бир суткада стационардан 2, үй карантининен 5 медкызматкер чыгарылган.
Жалпысынан республика боюнча COVID-19 диагнозу менен медициналык кызматкерлер арасында – 4546 учур катталды, алардын ичинен 4473 медкызматкер сакайды.